Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Жаандын кесепетинен имараттын чатырынан аккан суу токтотулуп, оңдолду" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну кайрылган. Жергиликтүү тургун аталган райондогу аймактык оорукананын кейиштүү абалы тууралуу сөз кылып, имараттан суу тамып жатканын билдирген.

Жогорудагы маселе боюнча Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгердик практика борборунун директору (ЖДПБ) Бактыгүл Алибаевага байланыштык.

Анын айтымында, учурда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен имараттын чатырынан аккан суу токтотулуп, оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Аталган имарат 1970-жылы курулуп, кургак учук диспансери бөлүмүнө берилген. Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн балансына 2013-жылы өткөрүлгөн. 2021-жылдын май айынан тартып Ала-Бука райондук ЖДПБнын балансында болуп, стоматология бөлүмү жайгаштырылган. Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен имараттын чатырынан аккан суу токтотулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү", - деп билдирди Алибаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан