Бишкек эркин экономикалык аймагындагы жер тилкелердин ижара акылары төмөндөдү

Бишкек эркин экономикалык аймагындагы жер тилкелердин ижара акылары төмөндөдү. Бул тууралуу “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инвестициялардын көбөйүүсүнө шарт түзүү жана “Бишкек” ЭЭАнын аймагында иштеп жаткан ишканаларга көмөк көрсөтүү үчүн жер тилкелердин ижара акысы төмөндөтүлгөн. Натыйжада ишкерлер каражаттарын үнөмдөп, анын эсебинен өндүрүштөрүн кеңейтүүгө жана модернизациялоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Ижара акыларын арзандатуулардан кийин баалар төмөндөгүдөй болуп өзгөргөн:

Ак-Чий аймагындагы жер тилкелеринин бир чарчы метри 1 жылга - 0,7 доллар;

Кара-Балта шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин бир чарчы метри 1 жылга - 0,3 доллар;

Улуттук көргөзмө борборундагы жер тилкелеринин бир чарчы метри 1 жылга – 1,4 доллар.

Ижара акысынын бирдиктүү тарифтери Экономика министрлиги менен макулдашылган. Бишкек ЭЭАнын жоболоруна ылайык, белгиленген тарифтер көбөйтүлүүсү же төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан