Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, каза болгон 3 жаран Бишкек шаарында катталды. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2836 кишини түздү.