Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 153 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, стационардык дарыланууда жалпы 967 бейтап бар, ал эми амбулатордук дарыланууда 4 770 бейтап бар.
Республика боюнча илдеттен айыккандардын саны 181 миң 225 бейтапты түздү.