Биз социалдык тармакта

Бишкекте 13 мектеп онлайн окууга өткөрүлдү

Бишкек шаарында 13 мектеп онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Билим берүү мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар аныкталгандыктан, Бишкек шаардык
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругуна ылайык, № 26, № 88, № 62, № 60, № 73, №12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер онлайн окутуу форматына өткөрүлдү.

Мындан тышкыры №135 бала бакча толук жана №144 бала бакчанын бир тайпасы карантинге жабылат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өткөнү айтылган. Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада 600 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anarbek80
2022-01-18 13:43:21
Ден соолук керек баарын карантинге жапса жакшы болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан