Пандемияда токтотулган. Түштүк Корея Кыргыз жарандарын кайрадан жумушка ала баштады

Түштүк Корея Кыргыз өлкөсүнөн барган эмгек мигранттарын кабыл алууну жандантты. Мындай маалымат Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, министр Кудайберген Базарбаев Корея Республикасына ишке орношуу боюнча программасынын катышуучулары менен жолугушту. Ал белгилегендей, жумушка уруксат берүү туруктуу негизде жүргүзүлүп, эмгек келишиминин негизинде жумушчуларды жөнөтүү жана кабыл алуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы менен министрликтин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашат.

"Кыргыз жарандарын Кореяга жөнөтүүнү Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ишке ашырат. COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө байланыштуу кыргыздарды Кореяга жөнөтүү кабыл алуучу тарабынан 2020-жылдын март айында токтотулган. 2021-жылдын 29-декабрынан тарта Корея кыргыздарды эмгек келишими боюнча кабыл ала баштады", - деди ал.

Кудайберген Базарбаев кошумчалагандай, Эмгек министрлиги Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу боюнча макулдашууга жетишкен. "Бүгүнкү күндө 11 адам эмгек келишими боюнча иштей баштады, дагы 104 адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаргандан кийин жумушка чыгууну күтүп жатышат", - деди ал.

Ведомствонун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылда Корея Республикасында 3 жарым миң адам жумуш менен камсыз болгон. Алардын көбү жеңил өнөр-жай жана электротехника тармагында эмгектенишет. Учурда корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөгө катышууну каалагандардан документтерди кабыл алуу уланууда. Сынакка катышуунун эрежелери менен толук таанышууну каалагандар министрликтин алдындагы ишке орноштуруу борборуна кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан