Өткөн жылы "Кумтөрдө" 14,5 тонна алтын өндүрүлгөн

"Кумтөр" кенинде өткөн жылы жалпы 14 561 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Ага ылайык, өткөн жылы жакшы жетишкендиктер орун алган. 2021-жылдын 12 айында "Кумтөрдө" 14 561 килограмм алтын өндүрүлүп, салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча бюджетке 13,6 миллиард сом которулган. План өзү 9 миллиард сом болгон.

Алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзүп, анын 621 миллиону тышкы башкаруу мезгилинде түшкөн.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, 2022-жылы компания 17 тоннадан ашык алтын казууну пландап жатат.

Жыйынтыгында министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктүн отчётун жакшы деп табышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baisogur
2022-01-18 12:14:49
Мына результат
+2
Tursunbaev1978
2022-01-18 12:26:14
Кечээги статистикада башка цифралар болчу,он төрт жарым килограмм аз,20 килограммдан ашык казат Кыргызтанда
+1
assanov97
2022-01-18 12:33:03
70 млрд сом болот экен
0
XATSAN125
2022-01-18 12:53:18
30 жылдан бери кыргызга бир сом пайдасы болбой келген кумтор эми озунун пайдасын берсин кыргызга
+2
ruslan1111
2022-01-18 13:00:42
2019,2020-жылдардын көрсөткүчү кандай болдукен...
-2
Jelezo
2022-01-18 15:47:12
ruslan1111,18тонна.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан