Бири 18 жылга, экинчиси 2 жылга эркинен ажыратылган. Тажикстанда соттолгон Кыргыз жарандарынын жакындары акыйкатчыга кайрылды

Тажикстанда сот жообуна тартылган Кыргыз жарандарынын жакындары акыйкатчыга кайрылышты. Алар соттолгон жакындарын Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоону суранышты.
Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, Лейлек районунун тургуну Н.А. акыйкатчынын орун басары Альберт Колоповдун кабыл алуусунда болду. Ал жолдошу А.С. жана агасы С.Н`нын укуктарын коргоп берүү өтүнүчүн билдирди.
"2021-жылдын 16-сентябрында А.С. жана С.Н. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Арыз ээси жакындарын коңшу мамлекеттин аймагында калтыруу кооптуу деп эсептегендиктен жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн келтирди.
Акыркы маалыматтар боюнча, аларга биринчи инстанциядагы сот өкүмү чыгып, ага ылайык С.А. 18 жылга, ал эми Н.С. 2 жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондор өздөрүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук, негизсиз деп эсептеп, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берүүдөн баш тартышты.
Акыйкатчы институту аталган адамдарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылды.
Лейлектик тургундун арызы Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын көзөмөлүндө", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zynk
2022-01-18 12:41:01
Баткенди келип талкалап кетишсе!кайра дагы биздикилер куноолуу болуп соттолуп атат!
Бийликтегилер бир реакция кылбайбы!
+2
erkegenje
2022-01-18 15:23:19
Биздегилер да тж жарандарын кармайбы же кармасада койо береби чочуп
0
Kari
2022-01-18 22:08:36
Кантип Тажикстандан кармалып калышат?Тушунуктуу кылып жазгылачы,кандай статьялар менен узак убакытка камалышып жатышат?Жок жерден эле айыптап жатышпайбы?Оз жарандарыбыздын укуктарын коргой алабызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан