Алайда дайынсыз болуп изделип жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси суудан табылды

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.
Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Бүгүн ИИМдин кызматкерлеринин издөө ишине көмөк көрсөтүү үчүн Алай райондук №68 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Бүгүн, 18-январда жерине издөө иштерин улантуу максатында Алай районунан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до жансыз денени суудан таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан