Бишкекте Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы мектеп окуучусун белгисиз айдоочу сүзүп, андан ары из жашырган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-январда саат 19:30 чамасында болгон.
"Азыркы учурда айдоочу изделип жатат. Кызматкерлер түнү менен бардык камераларды карап чыгышты. Ал эми окуучу учурда балдар ооруканасында дарыланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.