Ош облусунун Ноокат районундагы Арал айылынан агып өтүүчү Кыргыз-Ата суусу булганган, бирок курамында химиялык заттар чыккан жок. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Данияр Иманалиевге байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкананын (ред.: "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому) ишмердүүлүгү токтотулду.
"Атайын түзүлгөн комиссия жерине барып көрүп келдик. Таш кесүүчү ишкананын тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Комиссиянын курамындагы ар бир орган акт түзүп, аталган ишкананын шмердүүлүгү токтотулду.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын корутундусуна ылайык, суу булганганы аныкталды. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматы суунун курамында химиялык заттар жок деген тыянак чыгарышты. Тактап айтканда, суу булганды ичкенге жарабайт, бирок курамында химиялык заттар жок.
Комиссиянын жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде чыгып калат", - деди Иманалиев.