Бишкекте өткөн жылы 2 миң 663 жол кырсыгы катталып, 64 жаран жол кырсыгынан каза болгон

2021-жылы Бишкек шаарынын аймагында 2 миң 663 жол кырсыгы катталып, 3 миң 396 жаран жабыркап, 64 жаран жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыгынын ичинен:

- Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү фактысы - 1346;

- Унаалардын кагылышуусу - 987 факты;

- Унаа жүргүнчүсүн кулатуу - 146 ;

- Тосмолорду сүзүү - 116 факты.

"Статистика да көрсөтүп тургандай, эң көп жол кырсыгы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон. Андыктан жөө жүргүнчүлөргө жолдон өтүүдө эки жакты карап, шашпай, жолдо унаа жок экендигин көргөндө гана жолдон өтүүгө, айрыкча өспүрүмдөрдү улуулардын коштоосу менен гана чогуу жүрүүгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан