"Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү эсептелет.

Инновациялык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;

2) инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана жайылтуу;

3) инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;

4) балдардын жана жаштардын инновациялык ишмердүүлүк жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;

5) мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын сурамдарын тейлөө.

Белгилей кетсек, Инновациялык борбор Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан