Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматын угушту.
Баяндамачы энергетика министри Доскул Бекмурзаев калктын жана экономиканын электр, жылуулук энергиялары жана отун ресурстары менен камсыз кылуунун негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Жалпысынан министр жылытуу чөйрөсүндөгү абалды туруктуу деп баалап, суук мезгили аяктаганга чейин эч кандай көйгөй жаралбашы керек деп ишендирди.
Талкуунун жүрүшүндө комитеттин депутаттары элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана кошумча энергия булактарынын потенциалын колдонууга байланышкан көптөгөн маселелерге көңүл бурушту. Мындан тышкары, депутаттар отун базаларына көмүрдү өз убагында жеткирүү жана көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө каршы күрөшүү зарылдыгын белгилешти.