Өлкө боюнча 26 мектеп эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыктан окууга өттү

18-январга карата өлкө боюнча 26 мектеп эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2334 мектептин 26сы онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда – 10 мектеп.

"Андан тышкары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Чүй облусунда 55 класс, Бишкек шаарында – 9 класс, Талас облусунда – 6 класс, Нарын облусунда – 3 класс, Ош облусунда – 2 класс, Ысык-Көл облусунда – 1 класс. Белгилей кетчү нерсе, Талас облусу боюнча 6 класс онлайн-окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан