Бишкек шаарында тамеки тартууга каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү

18-январда Бишкек шаарында тамеки тартууга каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигинин кызматкерлери аймактык тескөөчүлөр жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгерлери менен биргеликте "Тамеки тартуу" рейдин өткөрдү.

"Иш-чара тамеки тартууну алдын алуу максатында оюн-зоок жайларында өткөрүлдү. Рейддин катышуучулары мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коноктору менен коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу, мындан аркы кесепеттер тууралуу сүйлөшүү жүргүздү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2022-01-19 07:34:31
Молодцы, давно жасаш керек эле муну!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан