Статистика комитети: "Өлкө боюнча калктын жашоо минимуму 17 пайызга көбөйдү"

2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү 17 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 268,31 сомду түздү жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү.

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Жылына орточо эсеп менен

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 358,53

6 268,31

117,0

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

6 003,64

7 040,33

117,3

анын ичинен:

эркектер

6 143,79

7 219,11

117,5

аялдар

5 957,12

6 990,75

117,4

Пенсионерлер

4 785,43

5 580,35

116,6

Балдар

4 532,95

5 282,48

116,5

анын ичинен, жашы:

0дөн 7ге чейинки

4 015,40

4 673,39

116,4

7ден 14кө чейинки

4 716,76

5 489,42

116,4

14-17

5 139,18

6 012,49

117,0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mubarak
2022-01-19 07:25:11
Мне дегени бул тушунбодумго билгендер жонокой тил мн айта кетсенищдер жакшы болмок
+3
bond
2022-01-19 08:25:58
Mubarak,мисалы Ошто бир адам 6345 сом менен бир ай жашаса болот деген.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан