Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына Эрик Латыпов директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койгон.
Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуу жайдын эмгек жамаатына жаңы жетекчини Азамат Жаманкулов тааныштырды.
Эрик Латыпов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал 1969-1993-жылдар аралыгында филармонияда балет ансамблинде артист болуп эмгектенген.
2014-2018-жылдары Бишкек хореографиялык окуу жайды жетектеген. "Шаттык" ансамблинин алмашылгыс көркөм жетекчиси болгон.