Бишкек шаарында акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 627 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
Анын айтымына караганда, борбор калаада 80 эмдөө пункту иштеп жатат.
"Бүгүнкү күндө 20 мобилдик топ иштеп жатат. Аталган топтор соңку суткада 524 чакырууга барып, 567 адамдан ПЦР анализ алышты", - деп билдирди Шамырканова.
Пандемия башталгандан бери борбор калаада жалпы 89 979 адам илдет жуктуруп алган.