Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов "Кыргызстан туризмдин өлкөсү" аттуу ачык сабак өттү. Министрликтен белгилешкендей, ачык сабак 18-январда Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан жүргүзүлдү.
Азамат Жаманкулов Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалы, аны ишке ашырууда колдонулуп жаткан тренддер тууралуу кенен токтолду. Министр сабак учурунда туристтерди тартуу аракетин маданий иш-чара менен бирге аны ишке ашыруу механизмдерин жолго коюлушу керектигин белгиледи.
Сабакка 9 ѳлкѳдѳн 76 университет катышып, жалпы 3500 студент кенен маалымат ала алды. Азамат Жаманкулов өзүнүн баяндамасында Кыргыз мамлекети туризм тармагын өнүктүрүү, мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин катарына кирерин белгилеп, өлкөнүн асманга жеткен аска-зоолордун мекени, Улуу Жибек Жолу жана кайталангыс көчмөн маданияты орун алган ордо катары баса белгилеп, Түрк дүйнөсүнүн жаштарын өлкөгө чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорун онлайн узатып, жооп алышты.
Эске сала кетсек, долбоор 2021-жылдын 28-майында 71 университеттин ректорлору катышкан "Биргелешкен кызматташтык" аземи менен башталган. Алгачкы лекция өткөн жылдын 15-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарабынан окулган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Газиантеп окуу жайы тарабынан координацияланган долбоор 2021-2022-окуу жылынын жаз мезгилинде Түркиянын Амасия университетинин академиктеринин окула турган лекциялары менен уланат.