Акыркы суткада республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен экөө каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, каза болгондордун бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө катталды. Алар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алышкан эмес.
Пандемия башталгандан бери Кыргыз жергесинде жалпы 2 миң 838 адам коронавирустан каза болду.