Санкт-Петербургда автосервисте иштеген Кыргыз жаранына ок чыгарганга шектүү кармалды


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында унаа оңдогон Кыргыз жаранына жергиликтүү тургун ок чыгарып, ал ооруканага түшкөнү кабарланган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, шектүү кармалды.

"41 жаштагы Кыргыз жараны автосервисте эмгектенип келген. 16-январда автосервистин кызматкери менен кардарынын ортосунда чыр чыгып, анда кардар ок аткан. Мекендешибиз жаагынын оң тарабынан травматикалык жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Шектүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага "бейбаштык" боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан