
Бишкекте тергөөчү аялды негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартып, жыйынтыгында ал эч кандай күнөөсү жок 1 жыл 4 ай камакта отурган. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашат.
"2021-жылдын 20-майында соттолуучу А.А.О. Акыйкатчы аппаратына аны актоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ал айыпталып жаткан кылмышты жасаган учурда такыр башка жерде болгон, муну күбөлөр тастыктай алат. Ошондой эле А.А.О. иш материалдарында чындыкка дал келбеген беттештирүү протоколу бар экенин билдирген. Буга байланыштуу ал айыпталып жаткан кылмыш ишин жүргүзүүдө тергөөчүлөр тарабынан берилген такталбаган маалыматтарды, сот аны актап жаткан алибини эске албаганын айтып тергөөнүн ачыктан-ачык мыйзам бузууларын териштирип берүүнү суранган.
Арыз ээси өзүнүн катында тергөө учурунда тергөөчү ага айып тагып, ишти тез арада бүтүрүүнү гана каалагандай таасир калтырганы белгилеген", - деп айтылат билдирүүдө.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери камак жайга барышып, арыз ээси менен жолугушту. Анда келинге берилген жактоочу коомдук жактоочу эмес, тергөөчүнүн тааныш жактоочусу экендиги аныкталганын айтышат мекемеден.
Жазык ишинин материалдарын изилдөөдө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун тергөөчүсү тарабынан суракка алууда жана беттештирүүдө Жазык-процесстик кодексинин 45-беренесинде каралган одоно бузуулар аныкталган:
- камактагы А.А.О`го өзүнүн жактоочусу жок болгон учурда ага мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлгөн эмес;
– кармалган А.А.О`го кармалганын туугандарына билдирүүгө бир жолку акысыз телефон менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилбей, Юстиция министрлигине караштуу №1 ТИЗОго камалган. Келиндин жакындары бул туурасында 27 күндөн кийин гана билишкен.
Ал эми соттолуучунун күнөөсү бар экенин айткан күбө соттук отурумдарга келбей, соттук териштирүүнү создуктурган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ленин райондук сотуна кат жолдоду. Анда келиндин жашы жете элек эки (2010, 2011-жылы туулган) баласы бар экенин, анын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени айтылып, ошондой эле тергөө учурунда ага карата аныкталган бардык мыйзам бузуулар көрсөтүлдү.
"2021-жылдын 1-ноябрында Ленин райондук соту А.А.О`ну актап, 24-декабрда Бишкек шаардык сотунун Жазык иштери боюнча коллегиясы айыпталуучуга карата актоо өкүмүн күчүндө калтырган.
Натыйжада Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен улам А.А.О. 1 жыл 4 айга камакта калууга аргасыз болгон.
Акыйкатчы институту тергөөчүнүн жана жетекчиликтин аракеттерине укук бузуулар жана мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартканы үчүн андан материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп алуу талабы менен даттанууга укуктуу деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.