Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден дарыгерлердин айлык акысы тууралуу суроо берди.
"Дарыгерлердин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлөт деп айткансыз. Бул реалдуу түрдө ишке ашабы?" - дейт депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айлык көтөрүлүшү керектигин айтты. "Медицина кызматкерлерин өлкөгө калтыруу үчүн айлыктары 1 миң доллар болушу керек. Ошондо башка өлкөлөргө кетпейт. Айлыктын аздыгынан жакшы дарыгерлер кетип калып жатат. 5 жылдын ичинде айлыкты 1 миң долларга жеткиребиз. 1-апрелде айлык көтөрүлсө, 30-40 миң сом болот", - дейт Бейшеналиев.