Биз социалдык тармакта

Депутат мамлекеттик дарыканаларды ачууну сунуштады

Депутат Жалолидин Нурбаев мамлекеттик дарыканаларды ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жарандар дарыларды арзандатылган баада сатып ала турган мамлекеттик дарыканаларды ачуу керек", - деди депутат.

Анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик социалдык аптекалар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ачылып, иштеп жаткандыгын айтты. "Азыркы учурда Бишкек шаарында социалдык дарыкана ачуу маселеси чечилип жатат. Бул дарыканаларда дары-дармектердин баасы жеке дарыканаларга караганда 40-45 пайыз арзан", - деди ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү маалыматы каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2022-01-19 23:01:38
Эң туура частныйларды бут жабыш керек алар энесинин оюна келген бааны коюп сата беришет
+7
Argen9899
2022-01-19 23:21:19
Даарынын баасы асмандын башы болду го оюна келген бааны коюшуп эле
+4
Bishkek-Kg
2022-01-20 00:07:39
Батырак ачкыла, керек, керек деп эле калып кетпей!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан