19-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кореянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маданият министри Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда ар дайым жакшы мамиледе болгондугун белгилеп, ошондой эле корей маданияты кыргыз элинин арасында чоң популярдуулукка ээ болду деген оюн билдирди.
Министр ошондой эле Улуттук китепкананын базасында кыргыз элине корей жана кыргыз тилдериндеги материалдарга жигердүү мүмкүнчүлүк берген улуттук корей борбору ийгиликтүү ачылганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында маданий иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулап, улуттук чыгармачыл коллективдердин гастролдорун өз ара негизде өткөрүү зарылдыгын белгилешти.
Ли Вонджэ билдиргендей, учурда Кореянын «Кугак» улуттук борборунун гастролу пландаштырылганын маалымдап, Бишкекте спектакль үчүн концерттик программа даярдап жаткан айтты.
Элчи ошондой эле кыргыз элинин Кореяга болгон кызыгуусу чоң экенин баамдап, элчилик билим берүү жана маданият мекемелеринин базасында корей борборлорунун ишин дайыма колдой турганын белгиледи.
Тараптар ошондой эле туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулап, пандемияга чейин Кореядан келген туристтердин олуттуу саны Кыргызстандын жаратылыш жана маданий жайларына келгенин, ошондой эле кыргызстандык туристтердин Кореяга барууга болгон кызыгуусун белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар быйылкы жылы Кыргыз мамлекети менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ар кандай иш-чараларды өткөрүү маселелерин иштеп чыгууга макулдашышты.