Бишкекке Беларустан жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Минск автозаводунун өкүлдөрү Бишкекте 3 ай сыноодон өтө турган МАЗ-206946 жаңы автобусун тартуулашты. Автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган. Мындан тышкары бул автобус ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дагы ыңгайлаштырылган.