Бүгүн, 20-январга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 870 адамдан аныкталды. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Илдет аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек шаары – 600
Ош шаары – 10
Чүй облусу – 161
Ош облусу – 16
Талас облусу – 18
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 23
Баткен облусу – 27
Өлкөдө коронавирус илдетине жалпы 193 028 адам кабылды.