Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Министрликтен билдиришкендей, каза болгон жарандар Бишкекте катталды.
"Соңку суткада каза болгон жарандар Бишкекте катталды. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2842 кишини түздү", - деп жазылат маалыматта.