Азайып эле баратат. Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 9 миллиард 493 миллион куб метрди түздү

Бүгүн, 20-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 493 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 172 метр куб, агып чыгышы 505 метр кубду түзүүдө.

Былтыр, 2021-жылдын 20-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 266 миллион метр кубду түзгөн.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 6 миллиардга түшсө, кийинки жылга кыйынчылык жараларын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Isken90
2022-01-20 17:16:48
Может Мадумаров кунолудур Садыке Камчыке
0
Fernando_Torres
2022-01-20 22:16:18
Isken90, значить кудай каалап атыптыр ошол азаяа берет кудай көбөйүшүн кааласа кайра көбөйө берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан