Жакынкы убакта бензин 4 сомго көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, бул Орусиядан күйүүчү майдын дүң баасынын жогорулашынан улам.
"Азыр Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майга байланыштуу кырдаал туруктуу. Мисалы, Өзбекстанга караганда 10 сом айырма бар. Тажикстанга караганда да баалар туруктуу. Ал эми прогноз бере турган болсок, 1 ай ичинде бензиндин баасы 4 сомго, дизель 6 сомго чейин көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Орусиядан көтөрүлгөн баалар менен келе турган күйүүчү майлар 1 айда келип сатыла баштайт", - деди Эшатов. Ал ошондой эле баалардын көтөрүлүүсүнө Казакстандагы кырдаал дагы таасир бергенине токтолду.