Социалдык тармакка Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий тилде ката жазылган сүрөтү тарады. Тагыраагы, Республикалык кан борборуна таандык унаанын артындагы жазууда ката бар экенин интернет колдонуучу тартып алган. Анда здравоохранения деген сөз "здравохронения" деп жазылганын окууга болот.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, ката оңдолорун белгилешти.
"Ката тууралуу Республикалык кан борборунун жетекчилигине айтылды. Ката оңдолот", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун ката жазылган аталышы кызуу талкууга алынган. Аталган ооруканадан мындай катага жол берген адамдарга карата тиешелүү жаза колдонуларын билдиришкен.