Милициянын аймактык тескөөчүлөрү эми онлайн көзөмөлдөнөт

Министр Улан Ниязбеков ИИМде жаңы ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында берилген боди камералардын жана көчмө кабылдаманын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында ИИМде мониторинг жүргүзүү бөлмөсү ачылган. Анын ачылышы өтүп, ага министр Улан Ниязбеков дагы катышкан. Анда аталган мониторинг жүргүзүү бөлмөсү иш жүзүндө текшерилген. Боди камералар тагылган милиция кызматкерлери эл көп жүргөн жерлерге жөнөтүлүп, техниканын мүмкүнчүлүктөрү иш жүзүндө сыналган. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамалары монитордогу картадан унаадагы карталар аркылуу республиканын алыскы жана жакынкы аймактарында, кайсы райондорунда жүргөндүгү көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2022-01-20 20:59:51
Мучулуштук болбойбу анан булкамерада барбир бизде Бир жолун табышатко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан