Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасынан өзүн атып алды

Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасынан өзүн атып алды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-январда эртең менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Анда Ош облустук милициянын тергөө тобунун 50 жаштагы кызматкери, өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу Макаров тапанчасын огу менен столго калтырып жуунганы кирип кеткен. Ошол кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И. тапанчаны кызыгып колуна алып, ойноп жатып атып алган.

Ок баланын көкүрөгүнүн сол тарабына тийген. Ички органдары жабыркаган эмес.

Учурда өспүрүмдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Милиция азыр аталган факты боюнча алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан