Ачкачылыкты токтотту. ЖАМК камактагы Гүлзат Мамытбекке тарбиялык сүйлөшүү жүргүздү

Камактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

"19-январда айыпталуучу Гүлзат Алымкулова (Мамытбек) СИЗО-1дин жетекчилигинин атына ачкачылык жарыялоо боюнча жазуу жүзүндө арыз жазган. Ошол эле күнү айыпталуучу Гүлзат Алымкулова менен мекеменин жетекчилиги тарабынан тарбиялык-профилактикалык мүнөздөгү сүйлөшүү өткөрүлдү.

Жыйынтыгында айыпталуучу Гүлзат Алымкулова мекеменин жетекчилигине эч кандай дооматы жок экенин айтып, жетекчинин атына кайрадан арыз менен кайрылып, ачкачылык жарыялоодон баш тартты. Калган соттолуучулардан СИЗО-1дин администрациясына эч кандай арыз түшкөн эмес", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин камактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялаганын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришкен.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaGaH
2022-01-20 18:06:35
Дем берип коюпсунар да
+3
ainura220888
2022-01-20 18:22:38
Кыз бозуса энесин коркутат болуп ушу куйгузду. Может толуп баратам диатага отурайын дегендирда
0
Bishkek-Kg
2022-01-20 18:59:05
Бул динин саткан саткындын Крга эч эле кереги жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан