Лимонтинин өлүмү: Шектүү Талгат Шамиевдин жубайы кызы атасын тааныбай калганын айтты

Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү Талгат Шамиевдин жубайы Айдай Марат кызы сот башталгандан бери ага карата жабырлануучу тараптан коркутуулар болуп келгенин айтты.

"Сот азыр бизди жабырлануучу тарапка карата коркунучтан улам соттук отурум жабык өтөрүн айтып, бизди чыгарып салды. Жолдошум камакка алынгандан бери жабырлануучу тараптан мага дагы ар кандай коркутуулар болот. Биз унчукпай эле келебиз.

Сот дагы адилеттүү болбой, жабырлануучу тарап эмне десе эле дароо макул болот. Биз жакты карабайт.

Жолдошум менен такыр жолугуша элекмин. Жолдошум камакка алынганда кызыбыз 1 жашта болчу, азыр 3кө чыкты. Кызым атасын тааныбай калды", - деди Айдай Марат кызы.

Бүгүн, 20-январда Биринчи Май райондук сотунда Талгат Шамиевдин соту болуп өттү. Жыйында сот эпидемиологиялык кырдаалдан жана эки тарап сот залында кайым айтышып жаткандыгына байланыштуу сотту жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.

Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ainura220888
2022-01-20 18:20:01
Чын эле омур бою эркинен ажыраган адам 25 жылдайын чыгып шикарная машина айдап алдынан отсо кимдин ичи куйбосун. Атасын тигинтип ортоп жиликтеп олтуруп атса. Ким болбосун каны кайнайтда. Аны не чыгарды турмодон.
+9
Datka7777
2022-01-20 18:28:19
Бошотуп жибериш керек.
+9
Baktiyar731
2022-01-20 18:36:14
Талгат молодец экен!
+9
Bishkek-Kg
2022-01-20 19:00:39
Мурдагы ыплас, саткын, паракор соттор ошол эле жолун улантууда. Эки дос эч нерсе кыла албай эле жүрүшөт. Болбойт бул бийлик. Кана адилеттүүлүк? Кана элге иштеп атышканы???
-1
joke81kg
2022-01-20 21:55:31
Сенида атана окшотуп олтуройунбу десе канын кайнайтта
+5
Aimani
2022-01-20 22:30:20
Лимонти деген черный болсо,анда сотторду же коркутушкан же акчадан тыгышкан болушунча.ошол каралар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан