Садыр Жапаров Баткендин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштер тууралуу маалымат алды

Бүгүн, 20-январда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев маалымдагандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:

- киреше салыгынын ставкасы 10 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү;

- пайда салыгынан толук бошотуу;

- сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.

Мындан сырткары, тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КР башка аймактарда 3 миллион АКШ доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 миллион АКШ доллар инвестицияларга (Кыргыз Республикасында калган аймактарда 20 миллион АКШ доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Аны менен бирге мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50 пайыз арзандатуу менен дарылоо, 50 пайыз арзандатуу менен лабораториялык изилдөөлөр кыскарган, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25 миллион сом каралат", - деп билдирди Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөк пулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50 пайыз жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине - дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-сентябрында "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан