Социалдык-экономикалык объекттерди куруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди

Президенттин иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин жарлыгын аткаруу иретинде тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Президенттин иш башкармасына мамлекеттик дирекцияны тийиштүү тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.

Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу;
  • долбоордук уюмдарды тартуу менен социалдык-экономикалык жана административдик объекттердин шаар куруу жана долбоордук документтерин иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу;
  • социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди курууда энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүнү, ошондой эле жогорку технологиялык материалдарды жана буюмдарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан