Бет каптын кайсы түрү омикрондон жакшы сактай турганы айтылды

Бет каптын кайсы түрү омикрондон жакшы сактайт жана эмне үчүн? Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кездеме бет каптар: мурдагы штаммдар үчүн кандайдыр бир деңгээлде (Ухань, Британ ж.б.) таасирдүү болчу, «дельта» штаммынын алдында алар начар чыпкалай турганы белгилүү болду. Булар медициналык бет каптарга салыштырмалуу кыйла начар.

Медициналык бет каптар: кыйла натыйжалуу сактайт, анткени алар атайын материал – вирустарга тоскоолдуктан даярдалат. Мындай бет каптарды тез-тез (2 саат сайын) алмаштырып туруу керек, ал бат нымдашат жана микрофлоранын булагына айланат. Бирок булардын дагы кемчиликтери бар:

- бет каптын алдында боштук калат, ага бет капты туура тагынган учурда дагы аба кирип турат;

- дем алганда аба беткаптын тыгыз тагылышына таасирин тийгизет, мындан улам натыйжалуулугу төмөндөйт. Дароо эки кат медициналык бет капты тагынуу вирусту жугузуу коркунучун азайтат, бирок дем алууну кыйындатат жана баары бир респираторлорду колдонуу менен салыштырып болбойт. Ным болуп калган бет капты сөзсүз түрдө ыргытуу шарт, эки кат бет каптан бир күнгө 10-12 даана талап кылынат.

Респираторлор: дем менен кошо чыккан жана дем алууда кирген вирустук бөлүкчөлөрдүн санын азайткан экинчи класстагылары вирустан сактоо үчүн мыкты натыйжалуу бет кап болуп саналат. Респираторлор өз кезегинде узак убакытка – сегиз саатка чейин тагынууга ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан