Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтен кабарлашкандай, каза болгон жаран Бишкек шаарынын тургуну. Ал вакцина алган эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2843 адамды түздү.