Бүгүн, 21-январга карата республика боюнча COVID-19 илдетинен 284 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Өлкө аймактарында стационардык дарыланууда жалпы – 1075 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6429 бейтап бар.
Стационарда дарыланып жаткан 1075 бейтаптын ичинен 4 адам канааттандырарлык, 654 орто оордукта, 359 оор абалда жана 58 бейтап өтө оор абалда", - деп жазылат маалыматта.
Жалпы айыккандардын саны 181 миң 976 бейтапты түздү.