Биз социалдык тармакта

Орозайым Нарматованын ордун милициянын капитаны ээлеши мүмкүн

Жогорку Кеңешке Орозайым Нарматованын ордун милициянын капитаны, Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Айгүл Айдарова ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракциянын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

"Мыйзамга ылайык, бош калган мандат партиялык тизме боюнча кийинки мандатты ээлейт жана ал кеткен адам менен бирдей жыныста болушу керек. Партиянын тизмеси боюнча, Айгүл Айдарова Орозайым Нарматовадан кийин турат. Бирок ким келерин БШК чечет", - деди ал.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurgaz
2022-01-21 11:26:10
Айгүл болсо жакшы болот сулуу кыз. Мен Айгүлгө добуш берген элем.
-8
Zumrudianka
2022-01-21 11:42:29
nurgaz, Добуш сулуулук учун да берилеби, элге пайдасы тийген жумушун коруп эмеспи
+13
KaGaH
2022-01-21 21:38:04
Zumrudianka,мээси иштебесе ошол да )))
+4
Jibani
2022-01-21 12:21:38
nurgaz, причем тут сулуулук?
+5
Rakyl12
2022-01-21 11:36:09
Сотко берсе, сот жокко чыгарып ит болбогулада.
+2
Topcubai
2022-01-21 11:55:00
Бийлик бекер кылды ушул Орозайымга өчөшүп.
+8
bosmos77777
2022-01-21 12:40:28
Озу ТШ менен ЖП окууганбы? Олкону тунгуюкка алып баратат. Тжик менен Файзилер шаар куруп. Кымбаттчылык каптаап. Суу сактагычтар, жерлер Озбекке кетип. 80 донголокко. Казакка аскер жонотуп. Баткенге эмес. Оздору деле айгайлаап, адилеттуулук болбоду деп. Шымын айрып алып камалып журду эле. Бул кыздын азасы бар. Копчулукко караганда ачык айрым. Кайратуулугу менен суйлоп жазып келе жаткан. Докансалардын Менимче 40 пайызы калды. ТШ менен ЖПны колдогону.
+7
KaGaH
2022-01-21 21:42:56
bosmos77777,сен деле антирадикал окшойсуң, менимче туура эле кылышты мандатын алып,депутат деген саясатта жүргөн такшалган ага эжелер болуш керек, көрүнгөн тооктор депутат боло берсе тамтыгы чыккан кыргыз саясаты кө*үнө кирип кетет,мен мындай нерсеге каршымын, депутат болгусу келеби?иштесин айыл өкмөт, акимчиликтен баштап көтөрүлүп, Москвада жүрүп ошол жактагы мигранттарды үндөп акасына добуш бергиле деп депутат болуш, бул болбогон иш
-2
Alixan-Nookat.2015
2022-01-21 22:00:29
KaGaH,Жаштар келсин жаштар келсин деп кыйкырасынар, келсе жакпайт.
+2
KaGaH
2022-01-21 22:31:59
Alixan-Nookat.2015,саясатта жаштар 35.40 тан аркылар
-1
joke81kg
2022-01-22 08:41:28
Адахан бутеле сулуу жаш кыздарды кошкон экенда партиясыга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан