Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эркектер топтолуп, жалпы дарыгердик практика борборунун адисине жумуштан кетүү талабын коюшту. Алар акушер-гинеколог катары эркек киши иштебеши керек деп эсептешет. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, 27 жаштагы дарыгер Ш.Ж. арыз менен милицияга кайрылган.
"Арызда шаардын айрым тургундары акушер-гинекологдон ооруканадан кетишин талап кылышканы айтылат. Арыз Кара-Көл ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү кызматтар тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.