Бишкекте Беларустан келген автобус 3 ай сыноодон өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаага "Минский автомобильный завод" ААКнын өкүлдөрү келип, автобустардын бет ачарына катышты.
"Расмий сапардын алкагында шаардык мэрия менен аталган компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда келишим түзүлдү. Транспорттун бул түрү Бишкек шаарынын аймагында 3 ай бою сыноодон өтөт. Сыноодон өтүү үчүн автобус бекер берилди.
Автобус №7, 38 жана 42-автобус каттамдарында убактылуу каттайт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул жапыз баскычтуу автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган.
27 орундуу шаардык транспорт экологиялык класс боюнча Еuro 5 тобуна кирет. Автобустун узундугу 8,8 метрди түзөт жана газ кыймылдаткычында (метан) жүрөт.