Бишкек шаарында жайгашкан 24 муниципалдык мектеп аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карантинге жабылган мектептер 2 апта аралыктан окушат.
Онлайн окутуу режиминдеги мектептер:
Свердлов району (№4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52);
Биринчи Май району (№6, 18, 28, 29, 48, 70);
Октябрь району (№17, 26, 88, 62, 60, 73, 61);
Ленин району (№9,13).
№135 бала бакча (Октябрь району) карантинге жабылган.
Алгоритмге ылайык, мектепте бир адамдан коронавирус аныкталган учурда, класс онлайн окутууга жөнөтүлөт, эки же андан көп кишиден оору катталган учурда билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылат.