Биз социалдык тармакта

Ырчылар баш болуп... Социалдык тармактарда электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган акция старт алды

Социалдык тармактарда "Энергияны үнөмдөйлү – өлкөнү сактайлы" аттуу акция башталды.

Аталган акцияга шоу-бизнестин өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышууда. Алар: Сыймык Бейшекеев, Анжелика Кайратовна, Урмат Борченов, Айгерим Бараканова, Урмат Усенов, Эмил Эсеналиев, Динара Багышбаева жана башкалар.

Алар "Энергияны үнөмдө – өлкөнү сакта!" деген аталыштагы ураан менен чыгып жатышат.

"Энергияны үнөмдөөгө ар бир адам өз салымын кошуусу керек, анткени ушундай жол менен сиз өз өлкөңүздү энергетикалык кризистен сактап кала аласыз", - деп белгилешүүдө.

Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгынан улам тыштан электр энергиясын сатып алууга муктаждык жаралууда. Мындан улам жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырып жатышат. #ЭнергияныҮнөмдө #ЭнергияныСактайбыз

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан