Министрлер кабинети жарандыгы жок адамдар үчүн "жашыл коридорду" жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын жүрүүсүн иреттөө, ошондой эле чет элге чыгуучу аба, темир жол жана унаа каттамдарынын калыбына келтирилгендигин эске алуу менен министрлер кабинети тарабынан 1-марттан тарта чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары үчүн "жашыл коридорду" жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 1-мартка чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат.
Министрлер кабинетинин кабыл алган чечими тууралуу өз мөөнөтүндө маалымдоо максатында Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине, Санариптик өнүктүрүү министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тапшырылды.