Кыргыз-Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жана мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кошумча макулдашуу кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Кошумча макулдашууда аталган Алкактык макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык KOICA өкүлчүлүгүнүн, персоналынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн негизги артыкчылыктары жана иммунитеттери жазылган.

Кошумча макулдашуунун текстине ылайык, министрлер кабинети KOIСА'нын өкүлдөрүнө жана кызматкерлерине атайын эл аралык артыкчылыктар жана иммунитеттер статусун берүү жана бардык мамлекеттик уюмдар менен кызматташууну камсыз кылуу үчүн аккредитациялык картаны берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан