Ош облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

21-январда Ош облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облустук штабдын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана штабдын мүчөлөрү катышты.
Отурумда COVID-19 илдетин жайылтпоо, алдын-алуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана вакцинация боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле облус аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Ош облусунда 69 бейтап кызыл зонада дарыланып жатат. Облус боюнча COVID-19 илдетин алдын алуу жана болтурбоо максатында 670 керебет даярдалса, резервде 1246 керебет бар. Аталган илдетке кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармек, медициналык жабдыктар жана дарыгерлер жетиштүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан