Билим берүү министри мыйзам бузуулар кайра кайталанган окуу жайлардын жетекчилерине катуу чара көрүлөрүн эскертти

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев мыйзам бузуулар кайра кайталанган окуу жайлардын жетекчилерине катуу чара көрүлөрүн эскертти. Бул туурасында ал жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.
Белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик окуу жайлардагы академиялык чынчылдыктын деңгээлин жана алардын ишмердүүлүгүнүн лицензиялык стандарттарга шайкештигин текшерүүнү демилгелеп, бул үчүн туруктуу түрдө иш алып бара турган комиссия түзгөн.
"Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Министр комиссия аныктаган мыйзам бузуулар кайра кайталанчу болсо, окуу жайлардын жетекчилерине кийинки жолу катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Кеңешменин жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, студенттердин сабактарга катышуусун текшерүү үчүн түзүмдүк бөлүктөрдүн ишине, студенттердин экзамендерге катышуусуна көзөмөлдү күчөтүү сунушталды", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursul
2022-01-22 11:43:53
Жугуштуу оору менен ооруган адам мектепте сабак берди, 9 класста боюнда болуп күйөөгө тийген келин да мектепте иштейт. Булардыкы эмне мыйзамдыбу? Өзүлөрү окууну кыйратып окубаган адамдардан сабак алган жаш муундардын келечеги кандай болот ким жооп берет ушуга? Оз меенети менен окуп келген мугалим жокко эсе көпчүлүгү окуу жайдын босогосун аттабаган мугалимдер. Үйдө жатып эле вышый кылып алып иштеп атышат. Билими барлары мугалим болуп келсе соттошуп атып иштен алдырып атышат.
+2
Nursul
2022-01-22 11:47:50
Өзүлөрү өткөн сабактын предметин билишпейт. Качан мыйзам иштейт өзү тарыхтан өткөнү алакандай кагазга жазып алып кайра окучуларга окуп берет тарыхчы деген санжыраны билген адам болушу керек да эч нерсе билбейт булар. Кимге кайрылыш керек чече турган адам барбы өзү бизде.
+2
Asmat84
2022-01-23 18:24:11
Башкасын айтпаганда да мектептердин акча чогултуп атканын жок кылып бергилечи. Чынында жаш үй бүлөлөргө . Бир үй бүлөдө үчтөн төрттөн окуган ата энелерге кыйын болуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан